14-20-аралыгында Бишкекте өткөн улуттук спорттун түрлөрү боюнча өткөн “Манас оюндары - 2013” мелдешинде ат чабыштар боюнча мелдеште жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрь күнү Дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Кунан чабыш, аламан байге жана жорго салышта байгелүү орунду ээлегендер төмөндө:
Кунан чабыш
1-орун: Любезный. Бишкек шаары. Ээси Мамыт Укуев. Байгеси автоунаа.
2-орун: Караш. Чүй облусу. Байгеси 70 миң сом.
3-орун: Сашта. Ысык-Көл. Байгеси 40 миң сом.
Жорго салыш
1-орун: Космос. Ысык-Көл облусу. Ээси Сапарбеков Айбек. Байгеси автоунаа.
2-орун: Ганг. Чүй облусу. Байгеси 70 миң сом.
3-орун: Барон. Ысык-Көл облусу. Байгеси 40 миң сом.
Аламан байге
1-орун: Тачанка. Чүй облусу. Ээси Адамкул Жунусов. Байгеси автоунаа.
2-орун: Форсаж. Ош облусу. Байгеси 100 миң сом.
3-орун: Кара байыр. Чүй облусу. Байгеси 50 миң сом.