“Манас оюндары - 2013”: Мелдешти өткөрүү кезеги Нарын облусуна өткөрүлүп берилди

14-20-октябрь аралыгында улуттук спорттун түрлөрү боюнча Ормон хандын 220 жылдыгына арналган “Манас оюндары - 2013” мелдеши расмий түрдө жыйынтыкталды. Мелдешке Кыргызстандын 7 облусунун Бишкек жана Ош шаарынын командалары катышты. Жалпы командалык эсепте мелдештин жеңүүчүсү болуп Чүй облусунун командасы табылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрь күнү Дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Мелдештин расмий жабылышына вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, шаар башчы Иса Өмүркулов, ЖКнын депутаты, Көк бөрү федерациясынын президенти Канат Исаев жана башкалар катышты. Мелдештин расмий жабылышында Бишкек мэри Иса Өмүркулов “Манас оюндары - 2013” мелдешин өткөрүү кезегин Нарын облусунун губернатору Канатбек Муратбековго өткөрүп берди. Айта кетсек, мелдеш 4 жылда бир өтүп, анда спорттун кунан чабыш, жорго салыш, аламан байге, көк бөрү, эр эңиш, тыйын эңмей, кыз куумай, кыргыз күрөш, тогуз коргоол жана ордо деген түрлөрү боюнча өтөт.     

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bosmos7
2013-10-21 17:49:53
Колдоого аларлык иш экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан