Кыргызстандагы «Газпром» компаниялар тобу Баткен облусунда болуп өткөн кайгылуу окуяны терең кайгыруу менен кабыл алды. Күнөөсүз жарандарыбыздын өлүмү ар бир кызматкердин жүрөгүндө калды. Биздин мамлекетибиз үчүн бул чоң сыноо жана элибиз ынтымактуулугу, кайраттуулугу жана чыдамдуулугу менен бардык кыйынчылыктарды жеңет деп ишенебиз.
"Ушундай оор учурда биз да четте турбастан, Баткен облусуна жана жабыр тарткан мекендештерибизге жардам көрсөтүүнү чечтик", - деп маалымдашты компаниялар тобунун өкүлдөрү.
Көрсөтүлгөн жардамдын көлөмү 5 миллион сомдон жогору. Алар:
Кыргызстандагы «Газпром» компаниялар тобу Баткен облусундагы куралдуу кагылышуудан көз жумгандардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт жана бардык жабыркагандардын тез сакайып кетишин каалайт.