Голландиялык машыктыруучу Мартин Ной канттык “Абдыш-Ата” клубунун башкы машыктыруучусу болуп дайындалды

59 жаштагы голландиялык машыктыруучу Мартин Ной Кант шаарынын “Абдыш-Ата” клубунун башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу клубдун расмий сайты билдирет. “Абдыш-Ата” Топ-Лиганын алкагындагы акыркы эки беттешин Мартин Нойдун кол астында өткөргөн. Мурдагы машыктыруучу Мирлан Эшеновдун айтымында: “Учурда Мартин Ной менен келишим ушул сезондун аягына чейин түзүлгөн. Сезон аяктагандан кийин жаңы келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз”-, дейт. Ошондой эле Мирлан Эшенов голландиялык машыктыруучуга жардамчы иретинде экинчи машыктыруучунун милдетин аткарат. Эске салсак, Мартин Ной буга чейин "Мозамбик" жана "Буркино-Фасо" курама командаларын машыктырган.        

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
adilet.talas
2013-10-21 20:32:26
бирас фудболдон жылыш болсо экен эми
0
ilgez
2013-10-22 12:29:41
adilet.talas,
жылыш болду бекен же дагы эле бийикке жете элекби? Кыргызстан деп деп дуйнолук оюнга чыгып калса жаман эмес.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан