София: Эки кыргыз балбаны Олимпиадага баруу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарды. Кимдер?

Бүгүн, 6-майда Болгариянын борбору София шаарында "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына тандап алуу боюнча дүйнөлүк лицензиялык турнир Бишкек убактысы боюнча саат 13:00дө старт алды.

Мелдешке эркин күрөш боюнча 86 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Саякбай Усупов алгачкы жүрүшүндө эле молдовалык Пётр Януловго жеңилип калды. Ал эми 125 килограмм салмакта килемге чыккан Айаал Лазарев индиялык балбан менен кез келди. Кыргыз балбаны активдүү болсо дагы акыркы мүнөттөрдө упай алдырып ийип, эсеп 2:2 болду. Индиялык балбан акыркы болуп упай алгандыгы үчүн жеңүүчү аталды.

Биринчи күндүк мелдеште "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына 12 жолдомо ойнотулууда. Жолдомо утуш үчүн балбандар финалга чыгышы керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан