Бүгүн, 6-майда Болгариянын борбору София шаарында "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына тандап алуу боюнча дүйнөлүк лицензиялык турнир Бишкек убактысы боюнча саат 13:00дө старт алды.
Мелдешке эркин күрөш боюнча 57 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Алмаз Сманбеков чейрек финалда кубалык Райнеру Андреу Ортега менен кез келди. Биринчи бөлүктө кубалык балбан 1:0 эсеби менен алдыга чыкты. Экинчи бөлүктө кыргыз балбаны 4 упайлык ыкма жасаса, атаандашы артына өтүп 6 упай алып жеңишке жетти.
Муну менен бүгүн килемге чыккан эркин күрөш боюнча 4 кыргыз балбаны жолдомо ута албай калышты.
Эртең, 7-майда турнирдин экинчи күндүк мелдештери уланат.