21-октябрь күнү Алматы шаарында өтүп жаткан бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунун 8-күнүндө 64 килограмм салмактагы кыргызстандык боксчу Эрмек Сакенов чейрек финалга жолдомо алды. 1/8 финалда Эрмек күчтүү делген тажик мушкерин 3 раунддун жыйынтыгы боюнча 3:0 эсебинде жеңип алды. Бул Эрмектин Дүйнө чемпиондугунун алкагындагы 3-жеңиши. Ошондой эле чейрек финалда Эрмек мелдеш кожоюну казак мушкери Мерей Акшалов менен беттешери белгилүү болду. Айта кетсек, быйыл Иорданияда өткөн Азия чемпиондугунда Эрмек дал ушул казак мушкерине жеңилип, коло медаль тагынган болчу. Ал эми мелдеште жолун улантып жаткан дагы бир кыргызстандык мушкер Азат Үсөналиев (52 килограмм салмакта) бүгүн, 22-октябрь күнү мелдештин кечки бөлүгүндө казак мушкери Ильяс Сулеймановго каршы беттешет. Эске салсак, Дүйнө чемпиондугуна Кыргызстан 9 боксчу менен барган. Учурда алардын 7си мелдештен четтеп калды.