Ырчы Роза Шакированын бир тууган эжеси Санталат Шакирова каза болду. Бул тууралуу ырчы социалдык тармактагы баракчасына жазды. "Бир боорум, эжем Санталат. Аллахым сага бейишинен берсин. Байкушум Роза, жардам бер деген бойдон кете берди", - деп жазган ал.
Роза Шакирова жети бир тууган. Санталат Шакирова бир туугандарынын үчүнчүсү болчу.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Санталат Шакированын дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.