Ырчы Нурлан Насип 15-16-17-май күндөрү Москва шаарында чоң программадагы шоу-концертин тартуулайт. Концертте 10 жылдык, 20 жылдык бүтүрүүчүлөргө атайын чоң программа тартууланат. Бул тууралуу ырчы социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
"Урматтуу мекендештер! 15-16-17-май күндөрү чыгармачылык кече уюштуруп, Москва шаарына барам. Келип көңүл ачып кетиңиздер. Сиздер үчүн атайын эски хит чыгармаларды жана жаңы жазылган ырларды аткарып көңүлүңүздөрдү көтөрүүгө аракет кылам. Концерттин жүрүшүндө баалуу белектер ойнотулат. Концерттен түшкөн акча Баткендеги жаңжалда жабыркагандарга жөнөтүлөт", - деди ырчы.
Нурлан Насип кечеге Ильяз Кудретов жана Самат Уланбеков конок болорун кошумчалаган.