Кикбокс. Дүйнөлүк уруш искусство оюндары – 2013: Сталбек Дарканбаев менен Рашит Аманкулов жарым финалга чыкты

18-26-октябрь аралыгында Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк уруш искусство оюндарында кикбокс боюнча биринчи беттештер орун алды. 21-октябрь күнү рингге үч кыргызстандык кикбоксчу чыкты. Анда 81 килограмм салмактагы Кумар Жалиев орусиялык Александр Дробинин менен беттешип, 3:0 эсебинде жеңилип калды. Ал эми 71 килограмм салмактагы Сталбек Дарканбаев нигериялык Нил Нилди жеңсе, 91 килограмм салмактагы Рашит Аманкулов марокколук Радуан Эль Беркуани аттуу спортчуну жеңип, жарым финалга өттү. Жарым финалда Сталбек Дарканбаев орусиялык Никита Селянкий менен кездешсе, Рашит Аманкулов Александр Дмитриенкого каршы беттешет. Эске салсак, аталган мелдеште спорттун айкидо, бокс, күрөш, дзюдо, жиу-житсу, каратэ, кендо, кикбокс, сават, самбо, сумо, таэквондо, ушу жана фехтование деген түрлөрү боюнча мелдештер өтөт.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан