Футбол. 2014-жылы Бразилияда өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндары: Криштиану Роналду Златан Ибрагимовичке каршы

21-октябрь күнү Щвейцариянын Цюрих шаарында Европа континентинде кошумча беттеш өткөрүүчү 8 командага чүчү кулак таштоо аземи болуп өттү. Чүчү кулактын жыйынтыгында курамында дүйнөлүк деңгээлдеги жылдыздар бар Португалия менен Швеция курама командасы беттешмей болду. Бул деген 2014-жылы Бразилияда өтүүчү Дүйнө чемпиондугу же Криштиану Роналдусуз, же Златан Ибрагимовичсиз өтөт дегенди билдирет. Калган үч жупта болсо Украина жолдомо үчүн Франция менен ат салышса, Румыния менен Греция жана Исландия менен Хорватия курама командалары беттешет. Эреже боюнча командалар үйүндө жана конокто болуп, эки беттеш өткөрөт. Биринчи беттештер 15-ноябрь күнү, экинчи беттеш 19-ноябрда өтөт.        

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jigit.paren
2013-10-22 18:14:54
Златан Ибрагимовичтин командасына ийгилик.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан