18-26-октябрь аралыгында Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк уруш искусство оюндарында тай боксчу Данияр Кашкараев Кыргызстан үчүн биринчи медалды жеңди. 21-октябрь күнү жарым финалда Данияр орусиялык Александр Абрамов менен беттешип, 27:30 эсебинде жеңилип, коло медаль тагынды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты жарыялады. Айта кетсек, бул мелдештеги кыргызстандык спортчулардын алган алгачкы медалы.