"Атын Инсар деп койдук". Ырчы Илгиз Абдалиев уулдуу болду

Ырчы Илгиз Абдалиев уулдуу болду. SUPER.KG порталы аны менен байланышканда кубанычы коюнуна батпай, айтып бере алгыс сезимде болуп жатканын айтты.

Учурда эне-баланын абалы жакшы.

"Азыр карантин болуп, жанына кирип көрө элекмин. Колума алсам дагы башкача сезим болот болуш керек. Төрөткө катышайын деп барсам киргизген жок. Бирок келинчегимди ооруканага элдин айтуусу менен толгоосу бышып, төрөрүнө аз калганда алып бардым. Ошого чейин кыйналганын көрүп жүрөгүм чыдабай аяп жаттым. Уулубуздун ысымын атамдар менен кеңешип Инсар деп атадык. Бул аттын мааниси "жеңиштүү" дегенди билдирет. Аны үстүндө жеңиш күнү төрөлдү. Уулум жашоосунда ар дайым жеңиштүү болуп жүрсүн дедим. Уулум салмагы 3 килограмм 540 грамм, бою 50 сантиметр болуп төрөлдү", -

деди ырчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2021-05-09 20:13:36
Өмүрү узун болсун!
Бешик бооң бек болсун!!! Иним
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан