Бүгүн, 22-октябрь күнү клубдар арасында эң беделдүү деп саналган УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычтагы 3-турдук беттештери орун алат. Бүгүн “G”, “E”, “F” жана “H” тайпаларындагы клубдардын беттеши өтөт. Бүгүнкү күндүн борбордук беттешинде италиялык “Милан” испандык “Барселонаны” өз үйүндө кабыл алса, дортмунддук “Боруссия” англиялык “Арсеналда” конокто болот. Бардык беттештер Бишкек убактысы боюнча 00:45те башталат. Бүгүнкү өтүүчү жалпы оюндардын тизмеси төмөндө:
“G” тайпасы
"Порту" (Португалия) - "Зенит" (Орусия)
"Аустрия" (Австрия) - "Атлетико" (Испания)
“Е” тайпасы
"Шальке" (Германия) - "Челси" (Англия)
"Стяуа" (Румыния) - "Базель" (Швейцария)
“F” тайпасы
"Арсенал" (Англия) - "Боруссия" (Германия)
"Марсель" (Франция) - "Наполи" (Италия)
“H” тайпасы Милан (Италия) - Барселона (Испания)
"Селтик" (Шотландия) - "Аякс" (Голландия)