Чүйдө аялын тирүүлөй көмүп салган жаран үй камагына чыгарылды

Чүй облусунун Панфилов районунда аялын тирүүлөй көмүп салган жаран үй камагына чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына келиндин бир туугандары билдиришти.

"Сот үй камагына чыгарган. Күйөө балам Кара-Балтада эле жүрөт. Ал эми кызыбыз 3 баласы менен Бишкек шаарына көчүп кетишкен. Азыр ал жакта батирге чыгып кызыбыз иштеп баштады. Эми соттун жыйынтыгын күтүүдөбүз", - деди келиндин жакындары.

Ал эми Панфилов РИИБи бул иш тергелип бүтүп сотко өткөнүн билдиришти.

Ушул жылдын 22-апрель күнү Чүй облусунун Панфилов районунда күйөөсү аялын тирүүлөй көмүп салган. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришкен. Саат 18:00 чамасында Панфилов районуна караштуу Кумарык айылынын тургуну аялын сабап, тирүүлөй аңга көмүп салган.

Ал эми жабырлануучу келин: "Базарга кеткен, келип үйгө кирип, кайра эшикке чыгып кетти. Кайра бир жарым сааттан кийин келип эле "мен сага көргөзөм, айтып бересиң" деп чачымдан сүйрөп, уруп эшикке сүйрөп чыкты. Колумду байлайм деди, бирок тырышып кармаштым. Тээп жиберди окшойт, чуңкурга кулап түштүм. Казылуу экен, тура албай койдум. Буту менен башымды тээп, көмө баштады. Аба жетпей баштады, сыртка чыгар, баарын айтып берем дедим. Балам баарын карап туруптур, анан ал кошуна эжеге барыптыр. Бирок ал келгенде такыр жолотпой койду. Анан иним келди, бирок аны дагы жолоткон жок. Бир убакта балдар келип, мени казып чыгарып үйгө киргизишти", - деп айтып берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Noon
2021-05-10 11:23:19
Аллахым жазанды берсин! Башка эмне айтар элек. Кыргызстанда аялдарга теңчилик жетишпейт. Камамыш этип эле кайра чыгарып жиберишет
0
Moskva93
2021-05-10 13:37:51
Эркек болсоң достойный эркек бол. Анчалык экенсиң аялына жолук салындыр акчаны каяка катасын алтындарыны каяка катасын унанды кандай карайсын бир жери бузулса. А аялын ушулардын баарынан кымбатко аялына жакшы мамиле кыла ал балдарындын апасы. Сенин да кызын эртең бирөөнүн катыны болот. Анан да Эжелер келиндер куонорго журогунордо болгон жылуу мамиле менен мамиле кылгыла. Эркектер аялынарга көңүл бургула. Анан журосунор бирөөнүн аялы кыздай меники муздай деп
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан