Webilim24 онлайн тренинг борборунан "Бизнес нөлдөн онлайн" тренинги. Ал кимдер үчүн жана пайдасы кандай?

Кыргыз өлкөсүндө Webilim24 онлайн тренинг борборунан "Бизнес нөлдөн онлайн" тренинги башталды. Бул тренинг кимдер үчүн деген суроо жаралбай койбосо керек. "Бизнес нөлдөн онлайн" тренинги бизнести жаңы баштайм дегендер үчүн укмуштуудай мүмкүнчүлүк. Негизи эле Webilim24 онлайн тренингдин негизги максаты - айыл элинин жашоо сапатын көтөрүү.

Негизи карапайым адамдар бизнес баштоо дегенде эле көп сумманы же кыйынчылыктарды элестетишет. Бирок "Бизнес нөлдөн онлайн" тренинги аркылуу өз бизнесиңизди 1000 сомдон 5000 сомго чейин каражат менен баштай аласыз. Кантип деген суроо жаралдыбы?

Матабекова Зымырат сулуулук сферасында иштеп жүргөн. 2020-жылы карантин убагында тренингге катышып, бизнестин илимин үйрөнүп, Оштон үлпөт салонун ачкан. Учурда өз бизнеси менен алек.

Көпчүлүк адамдар бизнес баштоо десе эле чет жакка барып иштеп келип, дүкөн ачыш керек же бул жерде кийим сатып жатат мен дагы сатышым керек деп болгон акчасын салат. Жыйынтыгында, процесс учурунда бул иш колунан келбей турганын сезгенден кийин чыгымга учурап, кайра чет жакка кетет.

Нуриза Асанова Баткен жергесинин тургуну. Тренингге чейин кирешеси жок болчу. Тренингге катышып күнүнө 3 миңден 5 миңге чейин киреше менен чыккан, нишасы (бизнеси) - үйдөн гүл өстүрүү. Тренингге чейин бизнести нөлдөн баштаса болоруна ишенчү эмес. Тренингге катышып анан ынанган.

Ал эми Webilim24 онлайн тренингинде ошонун баары алдын алынган. Мисалы, бизнесиңизди телефон сатуу менен баштайм десеңиз, биринчи эле товарыңыз сиз жашаган же иштеген аймагыңызда өтөбү? Конкуренттери барбы? Бар болсо демек товар өтүмдүү. Конкуренттер кардарларына кандай кызмат көрсөтөт жана мен алардан кандай артыкчылык менен кызмат көрсөтүп, иштей алам деген анализдерди чыгарып, жооп издөөнү Webilim24 онлайн тренингинен үйрөнө аласыз.

Азамат Нарынбек уулу Нарын облусунун тургуну. Тренингге чейин 5 миң сом айлык алып жашачу. Тренингге катышып 96 миң сом менен чыккан, нишасы (бизнеси) аксессуар. Айлык аздыгынан тажап жүргөн, бизнести баштоо кыйын деп ойлогон.

Баса белгилей кетүүчү нерсе, Webilim24 онлайн тренинг борборунун "Бизнес нөлдөн онлайн" тренингине өлкө аймактарынан онлайн катышып, 5000 сом айлык алып, айына 50-60 миң сомдук кирешелүү ишкердигин ачып кетишет.

Тренингден алгач эле "аба сатуу" дегенди үйрөнөсүз. Ал кандай десеңиз товарды сатуудан мурун анын сүрөтүн социалдык тармактардан таратасыз. Кантип таратса болот жана башка ушул сыяктуу суроолорго, бизнести туура тандоого, кардарлар менен мамиле түзүүгө, аз суммадагы акча менен кантип тез арада бизнес баштоого жана башка көптөгөн суроолорго тренингге катышуу менен жооп ала аласыз.

"Бизнес нөлдөн онлайн" тренингинин программасы: 1) Туура бизнес идея табуу;

2) Конкуренттерге анализ жасоо;

3) Ишкердин ой жүгүртүүсү;

4) Ишкерге керектүү сапаттар жана жөндөмдөр;

5) Акчанын бизнестеги орду;

6) Команда менен иштөө, башкаруу (лидерлик);

7) 5 тармактуу онлайн дүкөн менен иштөө (Инстаграм, Фейсбук, Лалафо, Телеграмм, Бизнес вотсапп);

8) Сатуунун техникасы;

9) Коммуникация.

Сурап-билүү телефон номерлери: +996 556 664 790, инстаграмда @webilim24

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан