"Акнет" компаниясы Баткен облусунда жабыркагандарга жардам көрсөттү

Баткен облусунун чек арага жакын аймактарындагы окуялардан кийин өлкөбүз кайрадан кыйынчылыкка кабылды. Аскер адамдары жана карапайым калк жабыркады. Мындай кыйын кырдаалда "Акнет" компаниясы четте карап турбай Баткендин чек арага жакын аймактарынын жашоочуларына даректүү жардам көрсөтүү чечимин кабыл алды. 4-майда Баткен облусунун жабыркаган тургундары үчүн тамак-аш, кийим-кече жана жеке гигиеналык каражаттардан турган гуманитардык жүк жөнөтүлдү.

"Биз жакшы өрнөк жугуштуу болот деп эсептейбиз жана башка компанияларды да бул демилгени колдоп, колдон келишинче жардам көрсөтүүгө чакырабыз. "Акнет" компаниясынын атынан Баткен облусуна эң керектүү тамак-аш продуктуларын, жылуу жууркандарды жана башка буюм-тайымдарды жөнөтүп жатабыз. Курман болгондордун үй-бүлөсүнө көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз", - деди компаниянын президенти Нурбек Абасканов.

Ынтымакта жана биргеликте гана өлкөбүзгө келген кыйынчылыктарды, оорчулуктарды жеңе алабыз. Биз четте карап турбайбыз жана жардамга муктаж болгондорго колдоо көрсөтүү керек экенин түшүнөбүз. Кагылышууларда жаракат алгандарга ден соолук каалап, эртерээк жакшы болуп кетишине тилектешпиз. Биргеликте гана баары колубуздан келет!

"Акнет" компаниясы Баткен облусунда жабыркагандарга жардам көрсөттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан