Бүгүн, 22-октябрь күнү Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк уруш искусство оюндарында 2 кыргызстандык боксчу жарым финалдык беттештерин өткөрөт. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты жарыялады. Анда 56 килограмм салмактагы кыргызстандык Бектур Отогонов өзбекстандык Жохиджон Хурбоев менен беттешсе, Адилет Бекеев (60 кг) америкалык Рамос Крисинио аттуу мушкерге каршы беттешет.