Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор беттешүү эң жеңил болгон атаандашын атады. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу күйөрмандын суроосуна жооп берип жатып билдирди.
"Дастин Порье менен болгон алгачкы беттеш эң жеңил болгон" деп билдирди Макгрегор.
UFC'нин алкагындагы Макгрегор-Порье беттеши 10-июлда 3-ирет өтөт. Алгачкы беттеш 2014-жылы өтүп, ирландиялык мушкердин пайдасына чечилген. Экинчи беттеш жыл башында өтүп, АКШлык мушкер жеңишке жеткен. Буга чейинки эки беттеш тең нокаут менен жыйынтыкталган.
3-жолку Макгрегор-Порье беттешине билеттер сатыкка чыгары менен бир нече секундда сатылып кеткен.