Ыйык Рамазан айында Elite House курулуш компаниясы кайрымдуулук иш-чарасы менен Төмөнкү-Серафимовкадагы карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн социалдык стационардык мекемеге барышты. Компания карылар үйүнүн жашоочуларына азык-түлүк жана биринчи керектелүүчү буюмдар түрүндө жардам көрсөттү.
Учурда аталган мекемеде 320 адам жашайт. Алардын ичинен 180ге чукулу төшөктө жаткан бейтаптар.
Elite House’тун генералдык директору Руслан Нармедов Elite House социалдык багыттагы компания экенин, Elite House калктын аярлуу катмарларын колдоо боюнча кайрымдуулук акцияларын үзгүлтүксүз өткөрүп келерин белгилеп өттү.
"Улуу муундагы адамдар биздин жардамга муктаж. Бардык кайдыгер карабаган адамдардан муктаждарга колдоо көрсөтүүнү суранам", - деген Нармедов.
Elite House компаниясы бардык мусулмандарды кирип келе жаткан Ыйык Орозо Айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайт жана башкаларды кайдыгер карабастан кайрымдуу болууга чакырат. Биргелешкен аракеттер менен биз социалдык стационардык мекеменин жашоочуларына бакубат карылыкты тартуулай алабыз!
Жардам берүү үчүн атайын эсеп:
РСК Банк ААК Кант ш.
эсеп счёту - 4403021103001333
БИК – 440001
ИНН – 01107199710014
Төлөм коду – 144111000
ГНИ: 008
Дареги: Ысык-Ата р-н, Төмөнкү-Серафимовка а.
ОКПО: 03212748
Жардам берүү үчүн байланыш номери: 0(701)708777.