Буга чейин Бишкекте апасы менен кызын белгисиз адамдар өлтүрүп кетишкени тууралуу маалымдалган. Бул окуя боюнча Бишкек ШИИББи маалымат таратты.
"Бүгүн, 12-май күнү 11:25 чамасында Бишкек ШИИББинин "102" кызматына шаардагы көчөлөрдүн бириндеги турак үйдөн эки аялдын жансыз денеси табылганы тууралуу билдирүү келип түшкөн.
Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барып, эки аялдын киши колдуу каза болгонун аныкташкан. Алар 1958-жылы туулган А.А. жана 1990-жылы туулган А.А. аттуу жарандар болушкан.
Учурда милиция кызматкерлери жеринде иштеп жатышат, кошумча маалымат берилет", - деп жазылат маалыматта.