Өлкөдө жаш таланттарды табуу максатында "НотаФест" сынагы старт алды

Өлкөдө мыкты ырдаган жаш таланттарды табуу максатында масштабдуу деңгээлде "НотаФест" аталышындагы конкурс-фестиваль старт алды. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири, ырчы Бек Исраилов SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, фестиваль заманбап стилде уюштурулуп жатат. Катышуучулар хип-хоп, эстрада, реп, рок жанрында ырдаса болот.

"Кыргыз өлкөсүнүн булуң-бурчунан жаш таланттарды издеп жатабыз. Бул саамалыкты коомдук ишмер Гүлмира Бейшеналиева уюштуруп жатат. Азыркы учурда онлайн түрдө тандоо туру болуп жатат. 28-майга чейин уланат. 1-4-июнда Нарын шаарындагы драма театрда финалын өткөрөбүз. Жеңүүчүлөргө акчалай жана баалуу сыйлыктар ыйгарылмакчы. Бул фестивалды буга чейин Ак-Талаада өткөргөнбүз. Ал эми кийинкисин Ысык-Көлдө өткөрүүнү пландап жатабыз. Бара-бара эл аралык деңгээлде уюштуруп, чет элдик таланттарды өлкөбүзгө чакырсак деген ойлорубуз бар", - деди ырчы.

Ошондой эле Исраилов сынактын калыстар тобунда ырчылар: Омар, Арсен, Айбек Замиров, Толгонай Арзыкеева, Жийдеш, Баястан бар экенин кошумчалады.

НотаФест старт алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан