Crosspoint компаниясынын башчысы Азим Рой: "Кыргыз эли боорукер, эмгекчил калк. Бирок трайбализм жана клан болуп бөлүнүү өлкөнүн өнүгүшүнө жол бербейт"

Кыргыз өлкөсүндө төрөлүп, 30 жыл мурун өлкөдөн кеткен жаран Орусияда ийгиликтүү ишкерге айланды. Бирок ал эч качан өзү төрөлгөн жерин, элин унутпайт. Ал Чүйдүн Чалдовар айылында чоңоюп, турмуштук сапарын ушул жерден баштаган.

Кедейликтен миллионерликке жол"

Талант ген аркылуу тукум кууп өтөт, ал эми мүнөз кыйынчылыктардан чыңалат. Ошондой эле канчалык кыйынчылыкка туш болбосун, эр жүрөктүүлүк эч качан ара жолго таштабайт.

Орозакун Сейдазимов (анын ушул аты менен Панфилов районунун Чалдовар айылы тааныйт жана эстейт).

Орозакун Сейдазимов 5 жашында энесинен калып, 7-класска чейин чоң энесинин колунда тарбияланып, ал каза болуп калганда жетим калган. Кара-Балта шаарындагы Макаренко атындагы мектеп интернатын аяктаган соң Бишкек автожол колледжине тапшырган. Ал өмүр бою Казакстанда жана Орусияда ишкерлик менен алектенип келген.

Ал алгачкы кирешесин 1990-жылдары Казакстанга көчүп келгенден кийин жасаган. Ал алгач насыя алып, акчасын металлургиялык заводдорго салган. Ишкерлик бир калыпка түшүп, чоңойгондо ал баарын таштап, Америкага кетүү кыялына жетүүнү чечкен.

"Бул жерде баш аламандык жаралды, ал эми Америкада жакшы (нормалдуу) жашоо баштоого болмок" деп эскерет ал.

"Өз үлүшүн сатуу менен бул тармакты таштап кеттим. Андан кийин биржадан акча таба баштадым. АКШдагы Кыргыз жараны өзүнө Азим Рой деген жаңы ат алган жана 13 жылдык чет өлкөгө чыкпагандан кийин кайрадан жашоону кардиналдуу өзгөртүүнү чечкен.

Ал Москвага барып, Crosspoint компаниялар тобуна инвестиция кылган. Азыркы учурда ал аталган Crosspoint жана Capital Group компаниялар тобунун жетекчиси жана Орусиядагы эң чоң ири компаниялардын бири. Бул компания Москвадагы комплекстүү жана символикалык объектилерди курууга адистешкен компаниялардын бири.

- Жол куруу жана эксплуатациялоо адистигин алган унаа-жол колледждин бүтүрүүчүсү кантип ушундай бийиктиктерге жетишти?

- Менде ишкердүүлүк боюнча түшүнүк бар болчу. Себеби чоң атам Өзбекстанда заводдорго ээлик кылып келген, кийин аны ал жерден кетирип жиберишкен. Ал эми апам дагы ишкерлик менен алектенип келген. Мен бала чагымда бардык адамдарга менде дагы баары боло турганын далилдегим келчү. Мен эски фонарды сатып алып, аны өз баасынан кымбат сатып туруп, кайра жаңысын ала алчумун. Атайын билимим жетишсиз болсо дагы жашоодон, баарлашкан адамдардан билим алганга аракет кылчумун. Ал эми калганына туура гана мамиле кылыш керек болчу.

"Казакстанда кол алдымда 120 миң адам иштеген. Эң жакшы башкаруунун сыры жөнөкөй: адамдарды кызматка туура тандоо, иштегенге шарт түзүү, татыктуу айлык акы төлөө, медициналык камсыздандырууну, акылдууларын сыйлап, ал тургай бирөөнү өнөктөш кылып алуу керек”, - дейт ал.

Ийгиликке жетүү жолунда көптөгөн кыйынчылыктарды баштан өткөрүп жеңүүгө туура келет. Чоң ишкерлик ар дайым чоң тобокелчиликтер менен байланыштуу болот. Мындан улам менде дагы укук коргоо органдары, мурунку өнөктөштөрдүн чыккынчылык иштери менен көйгөйлөр болгон", - дейт ал.

Канчалык оор күндөр, азаптар болбосун Азим Рой өзүнүн туулган жери Чалдоварды эч качан унуткан эмес жана алыскы туугандары, жердештери менен байланышып турган.

Кайрымдуулук, колдонула элек потенциал жана ийгиликтин формуласы жөнүндө

Ишкер акыркы 25 жылдан бери кайрымдуулук менен алектенип келет. 1990-жылдардын ортосунда Беловодск айылындагы психоневрологиялык интернаттагы тарбиялануучулардын жашоосун көргөндөн кийин ал кайрымдуулук менен алектенип баштаган. Бирок ал бул темада сүйлөшкөндү жактырбайт.

"Мунун баарын мен өзүм үчүн жасайм. Көпчүлүк жардам сурап кайрылышат. Бирок менин принцибим мындай: "Колу-бутуң болсо иште, бирок жардам сурап кайрылган балдарды колдоосуз калтыра албайм. Сиз деле бир жолу алардын жашоосун барып көрүңүзчү, силер дагы көңүл кош мамиле кылбай каласыңар..." дейт ал.

Аталган интернаттын администрациясынын суранычы менен ишкер балдар үйүнө майыптар коляскасын, кичи автобус белек кылып, кир жуучу жай жана жайкы ашкана курган. Тамак-аш, жалаяк, тиричилик техникалары - бул анын туруктуу жардамы.

Мекеним Кыргызстан үчүн тынчсыздануу сезими дайыма жөн койбойт

"Өлкө жакыр, бардыгы карызга баткан, кыйын кырдаал. Президент Садыр Жапаровдун бул маселелердин баарын чечкенге убактысы аз. Биз кланга бөлүнүп, трайбализм менен каршы күрөшүп, түндүк жана түштүк болуп бөлүнүүнү токтотушубуз керек. Бардыгыбыз иретке келип ишкерликти көтөрүп, салык системасына реформа кылышыбыз керек.

Кыргызстандын туризм, айыл чарба, өнөр-жай тармагында чоң потенциалы бар. Мисалы, мал чарбачылыгы биз алдыңкы орундарды ээлей турган эң келечектүү тармактардын бири. Анан Орусияга жакын болушубуз керек. Алар бизге жардам гана берет. Калгандары кастыкты күчөтүп, жарандык кагылышууларды уюштурат", - дейт Азим Рой.

Мен кыргыздар боорукер, ынтымактуу жана эмгекчил эл экенине бир эмес, бир нече жолу ынангам. Чет өлкөлөрдөгү кыргыз мигранттары эреже катары интеллектуалдык жумушка орношот жана тейлөө чөйрөсүндө суроо-талапка ээ.

"Жалпысынан адамдар алдыга жылуу үчүн жан үрөп иштеп жаңы билим алууга даяр болушу керек. Алар өлкө үчүн дагы иштөө маанилүү экендигин түшүнүп, эгерде мамлекет күчтөнсө, анда эл дагы күчтүү болорун түшүнүшү кажет. Ал эми чынчылдык, ар бир иште адептүүлүк ийгиликке жетүүгө жардам берет", - дейт Азим Рой.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан