"Рыспай Абдыкадыров менен ата-баладай мамиледе болдук. Мени ата деп айт дей берчү", - дейт профессор, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Кыргыз өлкөсүнүн Өзбекстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов.
"Залкар талант Рыспай Абдыкадыров менен ата-баладай мамиледе болдук, өмүрүнүн акырына чейин. Мени ата деп айт, мен өлгөндө башымда ыйлап тур дей берчү. Мен атасыз өскөн үчүнбү такыр ата деп айта албай койдум. Бирок айтканындай эле көзү өткөндө ата деп ыйладым. Ага чейин эч айткан эмесмин. Дагы бир керез кылып, "Сулайман-Тоонун бооруна сөөгүмдү койгула, шаарды карап жатайын" деп айткан болчу. Ал жерге коюу дагы бир топ түйшүк болуп жатып койдук", - дейт Жунусов.