18-26-октябрь аралыгында Иранда өтүп жаткан ок атуу боюнча Азия чемпиондугунда кыргызстандык спортчу Руслан Исмаилов 7-орунду ээледи. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты жарыялады. Мелдештин финалдык бөлүгүндө 10 метр алыстыктан атууда Руслан Исмаилов 622, 5 упай топтоп, жалпы жыйынтыкта 7-орунду ээледи. Ушул эле бөлүктө мелдешке катышкан кыргызстандык Ноорузбек Акбар уулу 615, 6 упай топтоп 13-орунду ээлеген. Ал эми кыздар арасында 50 метр аралыктан жатып атууда кыргызстандык Сабина Крупнова 577 упай менен 24 катышуучудан 22-орунду ээлеген.