Кыргызстандык балбандар 25-26-октябрь күндөрү Казакстандын Тараз шаарында коомдук ишмер Динмухаммед Кунаевдин жаркын элесине арналган Эл аралык мелдешке катышат. Казакстандык басылмалардын маалыматы боюнча, мелдешке катышуу ниетин Азербайжан, Орусия, Өзбекстан жана кыргызстандык спортчулар билдирген. Ошондой эле мелдеште, салтка айлангандай, 1-орун үчүн 5 миң, 2-орун үчүн 3 миң, 3-орун үчүн 1000 Америка доллар акчалай сыйлык каралган. Ал эми жеңүүчүнүн жеке машыктыруучусуна да 1000 доллар акчалай сыйлык каралган.