2012-жылдан бери белгиленип келе жаткан Энелер күнү майрамы быйыл 16-майга туш келди. Энелерибизге кандай мактоо сөздөрдү айтсак да, кандай жылуу сөзүбүздү арнасак да аздык кылар. Бул күндүн урматына белгилүүлөр апаларына арнаган куттуктоолорун, сүрөттөрүн өздөрүнүн социалдык тармактагы баракчаларына жүктөштү.

Ырчы
Нурмат Садыров апасын майрамы менен куттуктап, жагымдуу сөздөрүн арнады.
"Тагдырдын тар жолунда да, тайгак жолунда да дайыма жанымда болгон жалгыз жан. Бейишим апаке, сиздин ак батаңыз мени агартып-көгөртөт", - деген ал.
Фарида Карбозова да апасына узун өмүр каалап, жүрөктөн чыккан сөздөрүн арнаган.
"Күндөр өткөн сайын чачын бубак басып, бетине тарам-тарам издер түшүүдө. Кээде жүрөгүмдөгү, жашоомдогу болуп жаткан уйгу-туйгу нерселерди, бугумду, баарын апама айтып берип жеңилдегим келет. Анткени апам гана мени түшүнөт. Тилегеним мен сиздей куракка жеткенде сиз бар болуңуз. Мээримдүү үнүңүз көпкө жаңырып, асыл акылыңыз менен тең бөлүшүп, жолубузду түздөп, жаныбызда ата ордуна ата, апа ордуна апа болуп көп жашаңыз. Өрнөктүү өмүр жолуңуз дайыма бизге үлгү. Майрамыңыз менен!", - деп жазган ал.

Ошондой эле ырчы
Анжелика апасына ыраазычылыгын төмөнкүдөй билдирди.
"Апамдын сулуулугу - менде, кыздарымда. Тарбиясы ар бир кадамымда. Эне болгонго чейин апаңдын сени канчалык жакшы көрөрүн сезбейсиң. Мен кыздарымды ойлоп, апам мени жана неберелерин ойлоп, жүрөгүбүз тилинген күндөр болгон. Кайрадан бутубузга туруп, алдыга кадам таштоону үйрөнүп жатабыз. Жаратканга шүгүр. Жол көрсөтүүчү периштебиз апам".
Сыймык Бейшекеев апасы менен чогуу түшкөн сүрөтүн жүктөп, төрт сап ыр белек кылды.
Эне жүрөк, саябандуу бак экен;
Эне мүрөк, мөмө ийген шак экен.
Мээримиңен кубат алып магдырайм,
Мээнеткечим, менин күнүм апакем!
Ал эми ырчы Неля апасын төмөнкүдөй сөздөр менен эскерди.
"Убакыт бардыгын дарылайт дейт, бирок мезгил өткөн сайын тескерисинче апамды аябай сагынам, кусалыгымда чек жок.
Менин жан дүйнөмдөгү болуп жаткан сезимдерди бир Кудай жана энесин жоготкон адам түшүнөт... Жолдо баратып апама окшогон энелерди көп кездештирем, көзүмө жаш тегеренип кетет. Курбуларын, жакындарын көргөндө, апамды эстеп, бирок өзүмдү аябай кармап турам. Апамдын айткандарын көп эстейм, аны турмушта колдонгонго аракет жасайм, көрсө, жашоомдо бардык нерселер сиз менен байланыштуу экен апа...
Жыл сайын Энелер күнүндө апамды куттуктап, жакшы маанайда өткөрчү элек... Дайыма алакан жайып батаңызды берип, жакшы сөзүңүздү аябайт элеңиз.
Апа, аябай күчтүү, кайраттуу айым элеңиз, сиздин жолуңузду жолдоп, белимди бекем бууп, Жаратканым берген өмүрүн бактылуу сүргөнгө аракет жасайм. Сиз менен сыймыктанам, буюрса сиздей инсан болгонго аракет кылам".