"Кайык көлмөнүн ортосунда туруп калган". Чүйдө 66 жаштагы киши балык уулап жаткан жеринен каза болду

Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беш-Терек айылында көлмөдө балык уулап жаткан жеринен 66 жаштагы жаран каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал көлмөдө кайык менен балык уулап жаткан учурда белгисиз себептер менен каза болуп, көлмөнүн ортосунда туруп калган.

Жерине ӨКМнын 5 куткаруучусу тартылып, маркумдун жансыз денесин көлмөнүн жээгине чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан