Ырчы Темир Дамирбеков: "Бек Борбиевдин бир сөзү чоң "мотивация" берген"

"Жүрөгүңдү ач, ач", "Аппагым", "Туулган жер" ырлары менен кыргыз шоу-бизнесинен жаңы гана өз ордун таап келе жаткан ырчылардын бири Темир Дамирбеков SUPER.KG порталына маек берип жатып, Бек Борбиевдин бир сөзү чоң шыктануу бергенин айтат.

"Туулган жер" аттуу ырымдын сөзү, обону өзүмө таандык болчу. Аны Бек Борбиев агабыздын студиясында жаздыруу буйруп калды. Бир күнү барсам Бек агабыз бар экен. Ырымды угуп, мени чакырды. Жакшы ой-пикирлерин айтып, колунда иштеген балдарга "ушундай таланттуу жигиттерге колдоо көрсөтсөңөр" деди. Мага ошол сөз чоң "мотивация" берди", - дейт Дамирбеков.

Жаш ырчы бир катар суроолорго жооп берип, күйөрмандары менен өзүн тааныштырды. Маекти видеодон толук көрсөңүз болот.

Темир Дамирбеков: “Ильяз Абдыразаковду кумир тутчу элем”
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан