Россиядан Кыргызстанга телефон номери аркылуу ыкчам акча которуулар


2019-жылы Компаньон Банкы СберБанк менен бирге өз кардарларына Россиядан «СберБанк Онлайн» мобилдик тиркемеси аркылуу Кыргызстанга телефон номери боюнча Visa жана Элкарт төлөм карталарына акча которуу кызматын жарыялаган. Убакыт көрсөткөндөй, ашыкча комиссияларды төлөбөй жана банктын кеңселерине барбай туруп аралыктан акча которуу мүмкүнчүлүгү акча которуунун тез, оңой жана коопсуз ыкмасы катары ишенимдүү түрдө таанылды.

- Кыргызстанда акча которууну кантип алууга болот?

Акча которууну алуу үчүн Компаньон Банкынын Visa же Элкарт төлөм картасына ээ болуп, жөнөтүүчүгө төлөм картаңызга туташтырылган телефон номериңизди маалымдоо жетиштүү. Компаньон Банкынын төлөм картасын акысыз ачуу үчүн онлайн-өтүнмөнү толтуруу.

- Россиядан акча кантип которсо болот?

Россиядан акча которуу үчүн телефонуңузда орнотулган «СберБанк Онлайн» мобилдик тиркемеси болушу керек (Google Play жана AppStoreдо жеткиликтүү). Тиркеменин башкы барагында төмөнкү бөлүмдөрдү тандоо зарыл:

«Платежи» «Переводы»«За рубеж» → «По номеру Телефона» → «Банк Компаньон»

Кызмат жөнүндө кененирээк маалымат алуу жана тарифтер менен таанышуу

Ыңгайлуулугуңуз үчүн «СберБанк Онлайн» тиркемеси аркылуу акча которууну алуу жана акча жөнөтүү боюнча төмөнкү кыска видео-көрсөтмө менен таанышууну сунуштайтбыз:

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан