"Апасына айтпай алып кетип жоолук салган". Сокулукта сүйлөшкөн кызын ала качкан жигитке сот чечим чыгарды

Чүй облусунун Сокулук районунда сүйлөшкөн кызын ата-энесине айтпай туруп унаасына салып кетип, үйүнө алып барып жоолук салган жигиттин үстүнөн кыздын апасы милицияга арыз жазган. Сот процесси уланып отуруп ага карата өкүм чыкты. Бул тууралуу Жогорку Соттун расмий сайтында айтылат.

Окуянын чоо-жайы:

Окуя 2020-жылдын 14-мартында болжол менен түнкү саат 02:30 чамасында болгон. Анда 22 жаштагы жигит 20 жаштагы кызды Сокулук районуна караштуу айылдардын бириндеги үйүнөн унаасына салып кеткен. Ошол эле күнү болжол менен саат 07:30 чамасында Бишкектеги кичи райондордун биринде жайгашкан үйүнө никеге туруу максатында кызды эркине каршы алып келген.

Айыпталуучу 1999-жылы Ош облусунда туулган, улуту кыргыз, билими толук эмес орто, үй-бүлөлүк абалы бойдок, мурда соттолгон эмес. Убактылуу эч жерде иштебейт, туруктуу жашаган жери - Бишкек шаары.

Соттук отурумда айыпталуучу күнөөсүн моюнуна алган эмес

"Мен кызды ала качпай эле сүйлөшүп алып кеткем жана экөөбүз кыз-жигит болуп жүргөнбүз. Мен 14-мартта түнкү саат болжол менен 02:30 чамасында Сокулуктагы айылдардын биринде жашаган, сүйлөшкөн кызымдын үйүнө барып, анын сыртка чыгуусун сурангам. Кыз эшикке чыкканда аны менен болжол менен 2-3 мүнөттөй сүйлөшүп туруп, унаага отургузуп дароо айдап кеткем. Кызды жаңы конуштардын биринде жашаган агасынын үйүнө алып барсам, үйүндө жеңеси бар экен. Кызды жеңеси менен калтырып коюп, өзүм үйгө барып уктап калгам. Ошол кезде анын телефонуна кыздын апасы чалып жаткан, бирок кыз коркконунан албай койгон. Анан эртең менен болжол менен саат 07:30 чамасында жеңесинин үйүнө барып, кызды жана жеңесин өзүмдүн үйүмө алып келсем, үйгө бир тууган эжелерим келип, сүйлөшкөн кызыма жоолук салып жатканда апасы анын уюлдук телефонуна бир нече жолу чалган, бирок ал такыр албай койгон. Бир маалда кыздын эжеси мага телефон чалып, кызды үйгө алып кел, ошол жерден сүйлөшөбүз деди. Туугандарыбыз болуп кызды үйүнө алып барганда үйдүн алдында кыздын апасы жана милиция кызматкерлери күтүп жатыптыр", - деген ал өз көрсөтмөсүндө.

Сотто жабырлануучу кыз төмөнкүлөрдү билдирген:

"Мен ал жигит менен таанышканыма бир жыл болуп калган, экөөбүз кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөнбүз. Бул тууралуу апам деле билчү, бирок күйөөгө тиеримди билген эмес. Ошол күнү жигитим менен жолуккам, сүйлөшүп турсак ал колумдан тартып унаага отургузду. Унаасын үйдүн жанына токтотуп коюп, анан мага жигитим үйлөнүү туурасында айтып биз үйлөнөлү деп чечкенбиз. Түнкү саат 3төр чамасында үйлөнөбүз деп эле барганбыз. Анан мен үйдө калып, жигитим кеткен. Апам күйөөгө тиеримди билбегени үчүн милиция чакырыптыр. Милициялар мени апама жолуктурбай коюшкан, анан апам арыз жазып салыптыр. Мага тергөөчүлөр апаң арыз жазды деп айтышып, кол коюп кой дешкен. Мага эч кандай күч колдонуу болгон эмес, өз калоом менен баргам жана ошол учурда качып кеткенге мүмкүнчүлүк бар болгон. Жигитимдин жеңеси ушинтип түшүнүк кат жазып кой дегенинен, өз каалоом менен жазгам. Ал эми жигитимдин туугандары жоолукту кадимкидей эле салышкан", - деген ал.

Өкүм:

Сот бардык тараптын көрсөтмөлөрүн угуп, төмөнкүдөй жыйынтыкка келет:
Адамды анын эркине каршы никеге туруу үчүн уурдоо белгилери болгонун, бирок тастыктаган далилдер келтирилбегендиктен айыпталуучуну күнөөлүү деген бүтүм жетишсиз. Ал кылмыш жана жорук жасоодо күнөөсүз деп табылсын жана кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу акталсын.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nazira...
2021-05-18 23:53:25
Туура эле. 20 га чыгыптыр 17 эмес, сүйсө бирин бири. Кыздын апасы баягы эле Ош деп отказ кылса керек да. Кыз өзү каалап тийип атса отказ кылбаш керек, кийинкисине жакшы болот, чем зордоп бергенге караганда. Бактылуу болушсун.
+11
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан