"Наам алганымда апам жаш балача кудуңдап сүйүндү" дейт Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Малик Аликеев SUPER.KG порталына маек берип жатып.
"Наамды алышыма дагы, минтип кайрадан басып калышыма дагы элдин салымы чоң. Мурда бир, эки жолу аракет кылып көргөм өзүм. Бирок эмнегедир албай калчумун. Убакыт-сааты эми чыкты көрүнөт. Мурдагы маданият министри Азамат Жаманкуловго, азыркы министр Кайрат Иманалиевге ыраазычылык билдирем. "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" наамын алганымда апам жаш балача кудуңдап сүйүндү", - дейт Аликеев.