Кыргыз мушкери Дастан Шаршеевди тажикстандык мушкер беттешке чакырды. Бул тууралуу кыргыз мушкери Инстаграмдагы "Stories" бөлүмүндө айтты.
"Бир тажик бала беттешке чакырыптыр. Биз кабыл алдык. Бирөөңөр эмес, эки-үчөөңөр чыккыла. Кезек-кезек менен бир күндө өткөрөбүз. Менин менеджерим аркылуу байланышсаңар болот", - деди ал.
Дастан Шаршеев Тажикстандын кайсы мушкери беттешке чакырганын айткан жок.