Төкмөлүк кыргыз менен казакка гана таандык өнөр. Учурда жаш төкмө акындардын жоон тобу топ жарып өсүп келе жатат. Алардын сап башында келе жаткандардын бири төкмө акын Акматбек Султан уулу. Ал SUPER.KG порталына маек берип жатып ата-энеси Кытайда болгондуктан, 4 жылдан бери көрө электигин айтат.
"Ата-энем карапайым эле адамдар, мал чарбачылыгы, дыйканчылык менен алектенишет. Үч бир тууганмын. Алар Кытайда болгондуктан, көрө элегиме төрт жылдын жүзү болду. Телефондон сүйлөшкөнүмө жарым жылдын жүзү болду. Үйлөнгөнүмдү айтып, баталарын алганбыз. Бара албай жүргөнүм мамлекеттик саясий себептерден улам болуп калат. Буюрса жолугушчу күндөр дагы алыс эмес деп ойлойм", - дейт Султан уулу.