Ырчы Гүлнур Сатылганова Орусиянын бир нече шаарында жеке концертин берет

Кыргыз Эл артисти Гүлнур Сатылганова Орусиянын бир катар шаарында жеке концертин берет. Бул тууралуу ырчы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Белгилүү болгондой, ырчынын чыгармачылык кечеси 28-29-30-майда Москва шаарында, 1-2-июнь күнү Санкт-Петербург шаарында, 3-4-июнда Екатеринбург шаарында болмокчу. Алып баруучулук кызматты Максат Довранов аркалайт.

SUPER.KG порталы Гүлнур Сатылганова менен байланышып, концертке даярдыктар кандай болуп жатканын сурады. Ал Орусияга концерт берүү үчүн мекендештердин чакыруусу менен бара жатканын, күйөрмандар үчүн жаңы ырларды жаздырып, даярдыктар катуу жүрүп жатканын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2021-05-23 14:10:33
Апчебиздин капчыгы жукарган окшойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан