"Гемотест" "COVID-19'суз саякаттайм" программасына кошулду

"Гемотест" лабораториясы "COVID-19'суз саякаттайм" программасынын катышуучусу болду - Кыргызстан ага 1-апрелден баштап кошулган. Программа ага кирген өлкөлөр арасында саякаттоону жөнөкөйлөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. ПЦР-тестинин жыйынтыгы QR-код түрүндө атайын бирдиктүү тиркемеден көрүнөт, мындан улам бул кагаз бланкын көтөрүп жүрүү убаракерчилигин жоёт.

Азыркы учурда аталган программанын катышуучулары Кыргызстан, Орусия, Армения жана Беларусь өлкөлөрү. Системага бардыгы болуп 348 лаборатория туташтырылган. Алардын ичинен алтоо Кыргызстанда, анын ичинде "Гемотест" дагы бар.

"Гемотест" лабораториясынын жыйынтыгын QR-коду менен алуу үчүн Play Маркет же AppStore'ден "COVID-19суз саякаттайм" тиркемесин көчүрүү керек. Андан соң "Гемотесттин" саякаттоону пландаган каалаган бөлүмүнө паспорт менен киресиз.

Андан кийин анкетаны толтурууга туура келет. Ал жерге тиркемени көчүрүп жаткандагы телефон номерди көрсөтүү шарт.

Тесттен өткөндөн кийин, тиркемени колдонуп, тиркемеде көрсөтүлгөн QR-кодун сканерлеп көрүңүз - тесттин жыйынтыктары жөнүндө маалыматтын бар экендигине жана тестирлөөнүн аяктоо күнү кетүү күнүндө жарактуу экендигине ынаныңыз. Чек арадан өтүп жатканда текшерүүчүгө QR-кодун көрсөтүңүз.

Мындай ыкма документти басып чыгарууга гана эмес, ошондой эле жасалма документтердин санын азайтууга мүмкүнчүлүк берет. Кыргызстанда бул көйгөй туристтик багыттар ачылгандан кийин өзгөчө актуалдуу болуп калды.

Белгилей кетсек, жасалма документ Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 359-беренесинин 2-пунктуна ылайык ("расмий документтерди жасалмалоо") менен кылмыш ишин козгоого себеп болот.

Мындан тышкары мындай билдирмени аэропортто дагы кабыл албайт жана жүргүнчүгө учууга уруксат бербейт.

"COVID-19'суз саякаттайм" программасы кагаз түрүндөгү документсиз кирүүгө жол берет. Бирок ал мүчө болгон өлкөлөрдүн арасында гана учууга мүмкүнчүлүк түзөт. Анын жардамында Мальдив же Египетке учууга болбойт. Мындай кырдаал жаралган учурда билдирмени чыгарып, өзүңүз менен кошо алышыңыз керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан