Кыргыз Эл артисти, Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов 13-майда 60 жашка толду. Ал өзүнүн 30 жашында 60 жаштагы Ибрагим Жунусовго арнап жазган каты колубузга келип түштү. Каарманыбыз каты боюнча төмөнкүлөргө токтолду.
"Негизи мен 50 жашыма жазгым келген, анан карасам 30 болбой калат экен. Кийин 60 жашыма жазайын деп ниет кылып, конвертин дагы өз колум менен жасап, бир альбомго катып койгон элем. Таптакыр унутуп калыптырмын, бир ай мурда эстеп, салган альбомум Ошто экен, аны издеп, таап мага салып жиберишти", - дейт Жунусов.
Төмөндө Ибрагим Жунусовдун катын окурмандарга сунуштайбыз. Урматтуу окурман, сиз дагы өзүңүзгө кат жазып көрдүңүз беле? Же болбосо канча жаштагы өзүңүзгө кат жазмаксыз?