Ырчы Назэль туулган күнүндө батирлүү болду

Кыргыз эстрадасында башкалардан өзгөчө стили менен айырмаланып турган ырчы Назэлдин туулган күнү. SUPER.KG порталы ырчыны туулган күнү менен куттуктап, ага байланышты.

Ырчы туулган күнүн жакындарынын, досторунун коштоосунда, эң мыкты маанайда белгилеп жатканын айтты.

"Маанай эң сонун. Баары куттуктап жатышат. Белектерди берип жатышат. Алардын эң негизгиси досум Курал Чокоев мага батир белек кылды. Достордун арасында ушундай шеринебиз бар", - деди ал.

Ошондой эле ырчы чыгармачылыктагы жаңылыктары менен бөлүшө кетти. Ал репертуарына "Сага барам" аталышындагы жаңы ыр кошконун белгиледи. "Шоу-бизнеске аралашкандан бери бир да жолу сүйүү темасында ырдай элек экенмин. Жаңы ырым дал ушул махабат тууралуу. Тартынбагыла, сүйүүңөргө өзүңөр баргыла дегим келди. Ырымды бүт радиолорго бердим. Интернетке да чыкты", - деп кошумчалады.

Ырчы Кара-Балта шаарында туулган. Үйдө төрт бир туугандын улуусу. Анын репертуарында "Туфли", "Күйөө издейм", "Аяй кайнене" деген сыяктуу ырлары бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Apyn8793
2021-05-20 21:25:30
Курал Чокоевун озу 1 комнатный квартирада кысылып жашап атса кайдан сага квартира белек кылмак эле, элдин баарын эле жинди ойлойсун да
+5
XATSAN125
2021-05-20 23:20:51
курал катын калач окшойт жыт чыкккн жерден калбай
-1
portugalia
2021-05-20 23:31:45
Ушундай да ырчы бар беле?;
+3
tavanova.sarah
2021-05-21 00:55:16
Куралбай биринчи озуно уй алып албайбы))
Же былтыркы жарамазан айтып, мектеп курабыз деген акчасын иштетип ийдиби))
+2
Kyrgyz_bloger
2021-05-21 01:06:10
Достордун арасында ушундай шеринебиз бар деп турат толук окусанар,черный касса сыяктуу окшойт да.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан