Биз социалдык тармакта

"Кийимдери суунун жээгинен табылган". Баткенде 60 жаштагы кишини издөө улантылууда (сүрөт)

Буга чейин Баткенде 60 жаштагы киши дайынсыз болуп изделип жатканы кабарланган. Изделип жаткан жаранга таандык кийимдер Кожош-Кен суусунун жээгинен табылган.

Маалыматка ылайык, Кара-Бак айылынын 1961-жылы туулган тургуну 14-май күнү үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

"Жергиликтүү тургундар өз алдынча издөө иштерин жүргүзүшкөн, бирок натыйжа болгон эмес. Кечээ, 20-май күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМнын жалпы 25 куткаруучусу, ИИМдин 6 кызматкери, жергиликтүү тургундардан 50 адам тартылган. Бүгүн, 21-май күнү издөө иштери улантылат", - деп билдиришти ӨКМнын басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан