Бишкекте бүгүн, 23-октябрь күнү профессионалдык-техникалык окуу жайлардын окуучулары арасында “Эмгек резерви” стадионунда жана 73809 аскердик бөлүгүндө аскердик машыгуулар боюнча спартакиада өтөт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Спартакиаданын максаты жаштарды патриоттуулукка үндөө жана аскердик кызматка даярдоо болуп саналат. Анда катышуучулар Калашников автоматын чачып чогултуу, гранатаны алыс аралыкка ыргытуу, атуу жана башка мелдештерде күч сынашат.