Биз социалдык тармакта

"Өспүрүм баланын телефонун коркутуп тартып алган". Баткенде тоноого шектүү жаран кармалды

Баткен облусунда тоноого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Кызыл-Кыя шаарында Ноокат районуна жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Анда 16 жаштагы баласынын IPHONE 6 үлгүсүндөгү кол телефонун белгисиз жаран коркутуп тартып алганын жазган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 201-беренеси "тоноочулук" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

"Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмышка шектелип, 16 жаштагы бала кармалган. Учурда уюлдук телефон өз ээсине кайтарылып, тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти Баткен ОИИБинин маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Altyn10076
2021-05-22 09:19:49
Андай мындай болуп атат деп аягы не менен бүткөнүн айтпайсыңар.
+1
Altyn10076
2021-05-22 09:20:39
Белгисиз табышмак бойдон калат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан