Футбол. Чемпиондор Лигасы: Зениттин жеңиши, Каканын “Миланга” кайтуусу жана “Арсеналдын” өз үйүндө жеңилүүсү

22-октябрь күнү клубдар арасында эң беделдүү деп саналган Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычтагы 3-турдук беттештери орун алды. Анда “G”, “E”, “F” жана “H” тайпаларындагы клубдардын беттеши өттү. Борбордук беттештердин биринде курамы атактуу бразилиялык оюнчу Кака менен толукталган италиялык “Милан” испандык “Барселонаны” өз үйүндө кабыл алып, 1:1 эсебинде тең чыкса, “Арсенал” өз үйүндө дортмунддук "Боруссияны" кабыл алып, башкы машыктыруучусу Арсен Венгердин туулган күнүнө жеңиш тартуулай алган жок. Беттештин жыйынтыгында Арсенал 2:1 эсебинде жеңилди. Орун алган жалпы беттештердин жыйынтыгы төмөндө: 

“G” тайпасы

"Порту" (Португалия) 0:1 "Зенит" (Орусия) 

Голдор: Кержаков 86-мүнөт

"Аустрия" (Австрия) 0:3 "Атлетико" (Испания)

Голдор: Рауль Гарсия, 8 (0:1). Диего Коста, 20 (0:2). Диего Коста, 53 (0:3).

“Е” тайпасы

"Шальке" (Германия) 0:3 "Челси" (Англия) 

Голдор: Фернандо Торрес, 5 (0:1). Фернандо Торрес, 69 (0:1). Азар, 87 (0:3).  

"Стяуа" (Румыния) 1:1 "Базель" (Швейцария) 

Голдор: Диас, 48 (0:1). Леандро Тату, 88 (1:1).

“F” тайпасы

"Арсенал" (Англия) 1:2 "Боруссия" (Д, Германия) 

Голдор: Мхитарян, 16 (0:1). Жиру, 41 (1:1). Левандовски, 82 (1:2).  

"Марсель" (Франция) 1:2 "Наполи" (Италия) 

Голдор: Кальехон, 42 (0:1). Сапата, 67 (0:2). А.Айю, 86 (1:2).

“H” тайпасы

"Милан" (Италия) 1:1 "Барселона" (Испания) 

Голдор: Робиньо, 9 (1:0). Месси, 23 (1:1).  

  "Селтик" (Шотландия) 2:1 "Аякс" (Голландия) 

Голдор: Форрест, 43-с пенальти (1:0). Каяль, 54 (2:0). Шене, 90+4 (2:1).  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KUMU89
2013-10-23 14:13:44
Kerjakov meenet kylgan, halktyn umutun aktady. Halk gana ter toktu da keche.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан