Кечээ, 23-май күнү саат 20:30да Жалал-Абад облусунда очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
"Жер титирөөнүн очогу Жаз-Кечүү айылынан 2 чакырым түндүк-чыгыш, Кызыл-Үңкүр айылынан 10 чакырым чыгыш, Косо-Терек айылынан 12 чакырым түштүк-чыгыш, Кара-Көл шаарынан 50 чакырым түштүк-чыгыш, Жалал-Абад шаарынан 51 чакырым түндүк-чыгышта жайгашкан. Калктуу конуштарында жер титирөөнүн күчү - Жаз-Кечүү айылында - 4 балл, Кызыл-Үңкүр, Көсө-Терек, Ак-Булак айылдарында - 3 жарым баллга чейин сезилди", - деп жазылат билдирүүдө.