Бишкек шаарындагы "Таш-Рабат" соода борборунда кардар менен консультанттын ортосунда чыр орун алды. Бул тууралуу сатуучу кызматкер социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жазып чыкты.
Ал эми тартылып калган видеокөзөмөлдө окуя 20-май күнү саат 15:00дордо болгонун көрүүгө болот.
"Бүгүн мага жумуш ордумда бир киши кол салды. Ал мени колундагы баласын көтөрүп турган абалда сабады, ошол эле учурда кемсинтип, сөктү. Аялы дагы жанында туруп жаман сөздөрдү айтты", - деп жазган ал.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы Бишкек ШИИББинин маалымат кызматына байланышканда, маалыматты тактап жаткандыгын билдирип, толук маалыматты кийин беришерин убадалашты.