Кыргызстандык бийчилер Орусияда өткөн Эл аралык мелдеште эки күмүш медаль жеңди

Кыргызстандык бийчилер Орусияда өткөн “Динамиада - 2013” эл аралык мелдешинде эки күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу КРнын Бий спортунун федерациясы билдирди. Анда чоңдор арасында кыргызстандык Алексей Кибкало менен Татьяна Когадей жубу 44 катышуучунун арасынан 2-орунду ээлеп, күмүш медаль тагынса, өспүрүмдөр арасында 62 катышуучудан Рустам Резванов менен Арина Когадей жубу 2-орунду ээлеп, күмүш медаль тагынды. Мелдешке катышкан башка кыргызстандык спортчулардан Ренат Дахер менен Оксана Рыженко жубу 9-орунду ээлесе, Алексей Чебаков менен Ирина Лысенко жубу 11-орунду ээлеген. Эсиңиздерде болсо, Алексей Кибкало менен Татьяна Когадей июль айында Түштүк Кореяда жабык имарат ичиндеги спорттун түрү боюнча Азия оюндарында коло медаль тагынган болчу.      

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан