"Евро-2020": "Реалдын" бир дагы оюнчусу жок". Серхио Рамос Испания курамасына кирбей калды

Испаниянын "Реал Мадрид" футболдук клубунун коргоочусу Серхио Рамос 11-июнда баштала турган "Евро-2020" турнирине катыша турган футболчулардын тизмесине кирбей калды. Бул тууралуу Испания курамасынын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

"Евро-2020" турнирине катыша турган Испания курамасынын тизмеси: Дарбазачылар: Унаи Симон ("Атлетик"), Давид Де Хеа ("Манчестер Юнайтед"), Роберт Санчес ("Брайтон");

Коргоочулар: Хосе Гайя ("Валенсия"), Жорди Альба ("Барселона"), Пау Торрес ("Вильярреал"), Эмерик Лапорт, Эрик Гарсия (экөө тең "Манчестер Сити"), Диего Льоренте ("Лидс Юнайтед"), Сесар Аспиликуэта ("Челси"), Маркос Льоренте ("Атлетико");

Жарым коргоочулар: Серхио Бускетс, Педри (экөө тең "Барселона"), Родри ("Манчестер Сити"), Тьяго Алькантара ("Ливерпуль"), Коке ("Атлетико"), Фабиан Руис ("Наполи");

Чабуулчулар: Дани Ольмо ("Лейпциг"), Микель Оярсабаль ("Реал Сосьедад") Жерар Морено ("Вильярреал"), Альваро Мората ("Ювентус"), Ферран Торрес ("Манчестер Сити"), Адама Траоре ("Вулверхэмптон"), Пабло Сарабия ("ПСЖ").

Муну менен Испания курамасына "Реал Мадрид" клубунун бир дагы оюнчусу чакырылган жок.

"Евро-2020" турнири 11-июндан 11-июлга чейин Европанын 11 шаарында өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
omurbekFCB
2021-05-25 11:28:33
Озу бирда татыктуу оюнчусу калбадыледа
-1
Real98
2021-05-25 11:56:30
Башкасына макул,бирок Рамосту чакырбай ката кылыптыр...
0
malikkkg
2021-05-25 12:40:24
Real98,Рамостун жаракаты бар болчу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан