Кайдасың, классташым? Айнура Салахидинова классташтары менен жолугууга камынып жатса, Гүлмира Шарипова жолугушууга барбай турганын билдирди

Бүгүн, 25-май мектептерде акыркы коңгуроо кагылууда. Бул күнү бүтүрүүчүлөр ары толкунданып, ары мектепти бүтүп жатканына ичи ачышып жаткан учур. Ал эми мектепти бүтүп кеткендер бул күнү классташтары менен жолугуп, балалык курагын эске салышып, бири-бири менен жакындан баарлашууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Быйыл кайсы белгилүүлөрдүн мектепти бүткөнүнө 20 жыл болду?

Ырчы Айнура Салахидинова классташтары менен жолугууга камынып жатканын SUPER.KG порталына айтып беришти.

"Менин классташтарым абдан көп. Убакыт учкан куш дейт, кечээ эле кичинекей, ойноп, жыргап жүргөн кыздар, балдар элек. Кудайга шүгүр, баарыбыз бутка туруп, үй-бүлө курдук, бала-чакалуу болдук, ишибиз бар жана да ар кимдин чоң жетишкендиктери бар. Мен Бишкек шаарындагы №68 Алыкул Осмонов атындагы мектеп-гимназиясында окусам, 1 жыл Жумгал районундагы Таш-Дөбө орто мектебинде окугам. Азыркы күнгө чейин классташтарым менен байланышып катташып турам. Жолдошум "классташтарың мынча көп" деп күлүп калат. Бүгүн, эртең классташтардын жолугушуусу болот. Ошол жакка барууга камынып жатам. Андан мектепке, мугалимдерибизге ортодон акча чогултуп бере турган болдук. Эмне белек ала турганыбызды классташ балдар чечет", - деди ал.

Ал эми Кеңеш тобунун ырчысы Гүлмира Шарипова классташтары менен жолугууга барбай турганын билдирди.

"Мен Жумгалда жана Токтогулда окугам. Эки жактагы классташтарым тең жолугушууга чакырып жатат. Бирок барган жокмун. Анткени мектепти бүткөндөн бери классташтарым менен жакшы байланышпадым. Буга чейин жолдошумдун 20 жылдык жолугушуусуна аябай кызыгуу менен барганбыз. Бирок менде андай кызыгуу жок болуп жатат. Ал эми мектептен турмуш сапарына кадам таштаган бүтүрүүчүлөргө айта кетерим: багытыңарды, максатыңарды туура аныктап алгыла. Ошондо баары силер каалагандай болуп, көптөгөн ийгиликтерге жетесиңер", - деди ырчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kyrgyz-aiym
2021-05-25 12:34:58
Айнура эже молодец
+3
Bikosh2015
2021-05-25 18:01:13
Жолдошундун 20 жылдыгына кошо баргыдай сага балээ бар беле. Уйдоо олтурбайт белен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан