Онлайн сатып алуу - жеңил, ыңгайлуу жана тез!

Жашоонун заманбап агымынан калып калбай, бардыгын өз убагында жасоого аракет кылуу үчүн убакытты туура пайдаланып, аны үнөмдөө үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонобуз. Мындай мүмкүнчүлүктөрдүн бирин өздөрүнүн кардарларына Globus дүкөндөр тармагы тартуулайт.
Сиз арабаны сүйрөп, соода түйүнүн аралап, анан калса кассада кезекке турганга убактыңыз жокпу? Сиз жумшак диванда отуруп, жагымдуу атмосферада шашпай соода кылганды тандагыңыз келеби? Оор баштыктарды көтөрүп алып такси менен үйгө барганга каалооңуз жокпу? Анда Globus онлайн дүкөнү сиз үчүн эң жакшы тандоо!
Ассортимент - көздү ойнотот!
Соода түйүнүн интернет аркылуу карап чыгуу - толук кандуу соода кылууга барабар. Ыңгайлуу жерде отуруп сайтка киребиз. Анда жайгаштырылган каталогдон сиз Globus дүкөндөр тармагында көрсөтүлгөн сапаттуу жана арзан баадагы азык-түлүк товарларын таба аласыз.
Эттин бардык түрлөрү, сүт азыктары, ар кандай фирмалар чыгарган азык-түлүк, мөмө-жемиштер (анын ичинде тоңдурулганы да бар) нандын түрлөрү, кондитердик таттуулар (Globus өзү чыгарган даамдуу нандарын, торттун түрлөрүн сунуштайт). Ошондой эле ар кандай азык-түлүктөр, даяр тамактар, анын ичинде салаттар жана туздалган маринаддар, жарым фабрикаттар, тоңдурулган тамактар, алкоголдук жана алкоголсуз суусундуктар, чай жана кофе бар.
Диета кармагандар же туура тамактануу принцибин кармангандар үчүн "Диета жана диабет азыктары" бөлүмүнө баш багыңыз!
Дүкөнгө кичинекей баласы менен бара албай жаткан энелер үчүн Globus онлайн дүкөнүнөн ымыркайлар үчүн керектүү нерселердин бардыгын таба аласыз: балдардын тамак-ашы, кийим-кечеси, тиричиликте колдонулуучу химиялык каражаттар, оюнчуктар бар.
Албетте, энелер өздөрүнө дагы кам көрүш үчүн интернет дүкөндө бетке, колго, чачка жана башка косметикалык каражаттардын түрлөрү да бар.
Globus менен үйдү тазалоо дагы оңой: дүкөндө кир жуучу, идиш-аяк жуучу, дезинфекциялоочу каражаттардын бардык түрү бар.
Турмуш-тиричиликте колдонууга керектүү майда-чүйдө буюмдар, мисалы: бут кийим тазалоочу губка, лампочканы сатып алуу үчүн тиричилик техникасы бөлүмүнөн карасаңыз болот. Ал жерде сизге фень, блендер, миксер жана башка товарлар сунушталат.
Жаздын башталышы менен дачадагы багбанчылыкка көңүл бурабыз. Globus онлайн дүкөнүндө сиздин корооңузга, жашылча бакчаңызга үрөндөн баштап, багбанчылык шаймандарына чейин бардыгы бар.
Ал эми жаратылышты сүйүүчүлөр үчүн рюкзакты чогултууга мезгил келди. Көмүр, от жагууга керектелген каражат, курт-кумурскаларга каршы спрейлер, мангал жана жана башка көптөгөн азыктар "Бардыгы пикник үчүн" бөлүмүнөн таба аласыз. Өзүңүз менен кошо зефир (маршмеллоу) алып алынуу унутпаңыз. Отко бышкан даамдар бардык эс алуучуларга жагат.
Онлайн каталогдон унаа ээлери жана активдүү жашоо образын сүйүүчүлөр өз продукцияларын дагы таба алышат. Ошондой эле Globus үй-бүлөлүк майрам көңүлдүү жана жарык болушуна дагы кам көрөт: торт үчүн шамдар, шар жана гирляндаларды атайын дүкөндөрдөн издөөнүн кажети жок. Мындан тышкары үй жаныбарлары дагы көз жаздымда калбайт. Бул жерде популярдуу өндүрүүчүлөрдүн жаныбарлар үчүн тоюттары чоң ассортиментте сунушталат.
Онлайн дүкөн - оңой, ыңгайлуу жана тез!
Globus интернет дүкөнүнө киргенде эмнелерди билишиңиз керектиги жөнүндө бир-эки сөз.
Биринчиден, онлайн дүкөнүндөгү азык-түлүккө болгон баалар тармактын дүкөндөрүндө коюлган баалар менен бирдей. Сайтта дагы арзандатуу болуп жаткан товарлар көрсөтүлүп турат. Мындан тышкары кардарга атайын сунуштарды, жеке арзандатууларды билүүгө, катышууга же сатып алуу үчүн бонустарды алууга мүмкүнчүлүк берген сактык карталарынын ээлери интернет дүкөндүн сайтына каттала алышат. Авторизациялоодо сактык картасы катталган телефон номерин көрсөтүү жетиштүү жана ал автоматтык түрдө сиздин жеке кабинетиңизде болот.

Эскерте кетсек, кардарларга схема боюнча 800 сомдон өйдө сатып алса, анда кардарларга бонустар берилет. Мисалы, ар бир 100 сом үчүн бирден бонус. Ал эми 2 миң сомдон өйдө соода кылса, анда ар бир 100 сом үчүн экиден бонус берилет. Ал эми 5 миңден өйдө болсо 3төн бонус алат. Ар бир бонус 1 сомго барабар.
Globus онлайн - дүкөндөр тармагы күнү-түнү иштейт. Каалаган учурда билдирүү таштай аласыз
Сатып алууларды төлөөдө накталай жана накталай эмес төлөмдөр "MBank" төлөм кызматтары аркылуу "Кыргызстан" банкы жана Visa, MasterCard, Кошелёк жана "О! Деньги" аркылуу жүргүзүлөт.
Ар бир буюртманы кызматкерлер өтө кылдаттык менен таңгактайт, андыктан продуктулардын сапатына жана жакшы сакталышына шек жок. Жеткирүү орто эсеп менен бир сааттын ичинде жүргүзүлөт. Катталуу учурунда система ийкемдүү иштеп, сатып алуучуларга ыңгайлуу. Мисалы, кардарлар Globus онлайн дүкөнүнө товарларды белгилүү бир убакытка же датага буйрутма кыла алышат.
Учурда "99 сомго жеткирүү" укмуштай кирешелүү акциясы жүрүп жатат, эгер 5000 сомдон жогору суммада буйрутма кылсаңыз, жеткирүү акысыз. Жеткирүү шарттары жөнүндө толугураак маалыматты веб-сайттан таба аласыз.
Globus онлайн дүкөнү аркылуу пайдалуу, тез жана ыңгайлуу сатып алууларды жүргүзүңүз. Бул өлкөдөгү онлайн базарынын өнүгүшүнө кардарлар үчүн жаңы, кызыктуу сунуштарды иштеп чыгуу!
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан