Футзал боюнча Кыргызстан курама командасынын Казакстандагы машыгуулары жыйынтыкталды

Кыргызстандын футзал (залда ойнолуучу футбол) боюнча курама командасынын Казакстандагы машыгуулары жыйынтыкталды. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы билдирди. Машыгуунун алкагында Кыргызстан курама командасы 6 жолдоштук беттеш өткөрүп, 3 беттеште жеңишке жетсе, 2 беттеште утулуп, 1 беттеш тең чыгуу менен аяктаган. Бул машыгууларды Кыргызстан курама командасы 5-7-ноябрь күндөрү Ташкент шаарында өтүүчү Азия чемпиондугуна тандап алуу оюндарына даярдык иретинде өткөрүп жатат. Эске салсак, Азия чемпиондугуна тандап алуу оюндарында Кыргызстан Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан курама командалары менен беттешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан