Ырчы Анжелика Кайратова 25-майда "LIKA DE PARIS" автордук атырынын бет ачарын өткөрдү.
"Алгачкы атырды апама белек кылдым" деген ырчы тапкан кирешесинен кайрымдуулукка да каражат бөлөрүн айтты.
"Акыркы 10 жылда өзүм колдонуп жүргөн жана мага эң көп жаккан 10 атырдын жытынын аралашмасын бир флаконго бириктире алдык. Бул башка атырларга окшошпогон эксклюзивдүү атыр десем болот. Буга чейин бир нече компаниялар сиздин жүзүңүздү, атыңызды колдонуп, парфюм чыгарсак болобу деп сурап жүрүшкөн. Бирок өзүм ал нерсеге катыша албагандан кийин ал нерсени элге тартуулай алган жокмун. Атырдын бардык тиешелүү сертификаттары бар, пион гүлдөрүнүн, май айынын ак розаларынын жыты бар. Алгачкы атырды апама белек кылдым. Эксклюзивдүү атыр деп апам аяп себинип жатат. Бул атырдан киреше канчалык көп түшсө кайра эле кайрымдуулукка, жакшылыкка жумшалат. Атырдан түшкөн каражат өз өлкөбүздө эле калат", - деди Анжелика.
Кечеге бизнес өнөктөштөр, ырчынын санаалаш достору жана коңшу Казакстандан дагы коноктор келишти. Алардын бири Кызсайкал Кабылова көп таланттуу Анжеликага суктанарын айтат.
"Анжелика эжебизге суктанам, азамат, азыркы учурдун кыйын айымы десем болот. "Анжелика атыр чыгарат" деп 10 уктасам дагы түшүмө кирмек эмес. Ойго келбеген иштерди жасайт. Талыкпай дагы да эмгектене берсин. Үч кызды жалгыз багуу оңой эмес, акча табуу да оңой эмес. Өзгөчөлүк жасап, башкача жолу менен изденгени мени абдан кубандырат", - дейт ал.
Кеченин өзгөчөлүктөрүнүн бири жаңы ырдын бет ачары болду. Анда ырчы Ильяз Абдразаков менен Анжелика Кайратова жаңы дуэтин биринчи жолу аткарышты. Кымбат баалуу белектер, кызыктуу оюндарга бай болгон кеченин алкагында Анжелика келген коноктордун ар бирине баасы 1000 сом турган миниатюрка атыр белек кылды. Ошондой эле кеченин жүрүшүндө чоң флакондордун 150 даанасы сатылды. 1 даана атырынын баасы 6500 сомду түздү.